Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп мигранттар менен полиция кагылышкан Лос-Анжелеске кошумча күч жөнөтүүдө

АКШда президент Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграцияга каршы рейддерди айыптаган акциялар өтүп жаткан Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 2000 аскерин жөнөтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу 8-июнда Reuters кабарлады.
Мыйзамсыз мигранттарды кармап кетип жаткан федералдык агенттер менен кагылышуу Лос-Анжелестин түштүк-чыгышындагы Парамаунт районунда болгон. Ал жерде акцияга жүздөгөн киши чыккан, арасында Мексиканын мамлекеттик туусун көтөрүп жүргөндөр болгон.
Ал эми шаардын борборук аянтында 60тай киши чогулган, алар АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (US Immigration and Customs Enforcement, ICE) өкүлдөрүнүн чыгып кетишин талап кылышкан.

Лос-Анжелестин полициясы бир нече киши таркап кетүү талабына, эскертүүлөргө баш ийбей койгону үчүн кармалганын билдирген.
Бул шаарда ICE кызматкерлерине каршы акциялар жума күнү, алар иммиграциялык мыйзамды бузган деген шек менен 44 кишини кармап кетишкенде башталган.
Окуя болгон жерден тартылган видеолордон полиция демонстранттарды союл менен сабап, көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун көрүүгө болот.
Калифорния штатынын губернатору, демократ Гэвин Ньюсом Ак үйдүн шаарга кошумча күч жөнөтүү чечимин "атайын жасалып жаткан чагым" деп атады.
Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө "Эгер Ньюсом жана Лос-Анжелестин мэри Карен Басс өзүнүн кызматтык милдетин аткара албай жатышса, демек, федералдык өкмөт БАШАЛАМАНДЫК жана ТАЛАП ТОНОО проблемасына талап кылынгандай тартипте кийлигишет жана аны чечет" деп жазды.
Лос-Анжелесте отурукташкан мигранттардын көбүн Латын Америка өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден баргандар түзөт.
Мыйзамсыз мигранттарды кармоо, өлкөдөн чыгаруу рейддери АКШда Дональд Трамп быйыл жыл башында президенттик кызматка киришкенден кийин башталган.
Лос-Анжелестин мэри Карен Басс иммиграциялык рейддерди айыптап, шаар тургундары арасында коркунуч жаралып, коопсуздук боюнча негизги принциптерге зыянын тийгизип жатканын айткан.
Ак үйдүн маалыматына караганда, ICE кызматына күн сайын 3000ден кем эмес мыйзамсыз мигрантты кармоо тапшырмасы берилген. Бирок Трамптын оппоненттери рейд учурунда мыйзамсыз жүргөндөрдү гана эмес, документи туура мигранттарды да кармап кетип жатышканын айтууда. Ошондой окуялардын баары соттордо териштирилип жатат. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus