Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

WP басылмасы АКШ Илон Масктын атаандаштарына кайрылганын жазды

Америкалык мультимиллиардер Илон Маск өлкө башчысы Дональд Трамп менен кайым айтышуусунан кийинки билдирүүлөрүнүн биринде Crew Dragon космостук кемесин пайдалануудан чыгарып алышы ыктымал экенин билдирген. Кийин ал мындай планы жок экенин айтты, бирок, The Washington Post басылмасы жазгандай, анын мындай билдирүүсү NASA (АКШнын Улуттук аэрокосмостук агенттиги) мекемесин өтө кабатыр кылды.

Басылманын маалыматына караганда, NASA жана Пентагон (АКШнын Коргоо министрлиги) өкүлдөрү Масктын аталган кемеге ээлик кылган SpaceX компаниясына атаандаш ишканаларды өз ракеталарын жана космостук аппараттарын даярдоону тездетүүгө чакырышты. Мындай сунуш кеминде үч компанияга (Rocket Lab, Stoke Space жана Blue Origin) берилди, ал эми Sierra Space ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга агенттиктин үзгүлтүксүз колдоосу убада кылынды.

Масктын SpaceX компаниясы АКШнын космостук рыногунда монополистке айланган, ага америкалык өкмөт келишимдик негизде миллиарддаган долларлык акча төлөп, кызматташат. Компания Эл аралык космостук станцияга кемеси менен адамдарды жана жүктөрдү жеткирип берет, Пентагонго жана АКШнын башка чалгын мекемелерине спутниктерди даярдайт.

Талдоочулар эгер Трамп менен Масктын бири-бирине айткан билдирүүлөрү ишке ашса, эки тарап тең олуттуу каржылык айыппулдарга тушугушу ыктымал.

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы өнөктөшү Илон Маск бюджеттик чыгымдарды кыскартуу мыйзамын сынга алганына "абдан таң калганын" жана "капаланганын" айтууда. Трамптын шайлоо кампаниясына 250 миллион доллардан ашык каражатын сарптаган Маск, өз кезегинде, Трампты "жакшылыкты билбейт" деп айыптоодо. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus