Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Кыргызстанда нигериялык үч жаран жардам сураган окуя боюнча маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда Нигериянын үч жараны мыйзамсыз миграция уюштургандарга алданып калганы тууралуу маалымат бар экенин, буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканын 7-июнда билдирди.

Мекеме алар мыйзамсыз миграция каналын уюштургандардан жабыркаганын, кылмышка катышы барларды аныктоо иши жүрүп жатканын, тергөөнүн аякташы менен зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлүп, алар өз мекенине кайтарыларын кабарлады.

5-июнь күнү Sahara Reporters басылмасы Кыргызстанда кыйын жагдайга тушуккан үч нигериялык тууралуу жазган. Алар укугу одоно бузулуп, адам чыдагыс шартта иштөөгө мажбур болушканын айтып беришкен.

Басылма жазгандай, Нигериянын жараны Кыргызстанга жумуш издеп быйыл 10-мартта келгенин, 800 доллар айлыгы бар окутуучулук жумушту убада кылган ортомчуга 2,7 миң доллардай акча берип, алданып калганын айтып берген.

Өлкөдөн чыгып кетүү үчүн визага арыз бергенде Кыргызстандын миграция кызматы анын паспортун мыйзам бузуучулардын тизмесине киргизип койгон. Жабыркаган үч киши өз өлкөсүнүн өкмөтүнө жана Орусиядагы элчилигине жардам сурап кайрылышкан.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 29-майда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобо бекиткен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus