Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан таза энергия форумунда "Камбар-Ата-1" боюнча кызматташууга чакырды

"Азиянын таза энергия форумуна" катышкан кыргыз делегациясы бул ири эл аралык иш-чаранын катышуучуларын Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси зор "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбооруна катышууга чакырды. Бул тууралуу 6-июнда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Филиппин өлкөсүнүн борбор калаасы Манилада өткөн форумда энергетика министри Таалайбек Ибраев "Камбар-Ата-1" долбоору тууралуу кеңири маалымат берип, Азия өнүктүрүү банкын жана башка өнөктөштөрдү аны ишке ашырууга катышууга чакырды. Ибраев энергияны экологияга жана адамга зыян келтирбестен өндүрүү Кыргызстандын энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

"Олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ өлкө көп жылдар бою туруктуу жана таза энергияга басым коюп келет. Өлкөбүздө өндүрүлгөн электр энергиясынын 90% жакыны ГЭСтерден алынат жана бул башталышы гана экенине ишенебиз", - деди Ибраев.

2023-жылы Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун "жол картасына" кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана "Камбар-Ата-1" ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин аны башкарары жана 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Мындай бөлүштүрүү Кыргызстанда айрым депутаттардын нааразылыгын жараткан.

Министр Ибраев "Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна каражат табылганын быйыл февраль айында билдирген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus