Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан: Шерзат Болаттын өлүмүнө айыптууларга өкүм чыкты

5-июнда Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон өспүрүм Шерзат Болаттын иши боюнча сот өкүмү чыкты. Өкүмдү Талдыкоргон шаарынын судьясы Ержан Жанузаков чыгарганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, сот мамлекеттик айыптоочунун суранычын канааттандырып, өспүрүмдү өлүмгө жеткирген сокку үчүн Абзал Чынасылды 23 жылга эркинен ажыратты. Чынасылга "өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" беренеси коюлган.

Равиль Сакиев "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "курал колдонуу менен бейбаштык кылуу" беренелери боюнча 20 жылга эркинен ажыратылды.

Сот калган сегиз адамдын ичинен төртөөнө жети жыл, бир адамга тогуз жыл, дагы бирине 15 жыл берди жана жашы жете элек дагы бир шектүүнү 1,5 жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары, Абзал Чынасыл 60 миллион тенге (117 000 доллар), Равиль Сакиев 30 миллион тенге (58 800 доллар), калган айыпталуучулар баары биригип дагы 30 миллион тенге (58 800 доллар) өлчөмүндө моралдык чыгым катары төлөөгө милдеттендирилди.

Айыпталуучулардын бири да сот отурумунда коюлган айыпты мойнуна алган эмес.

Шерзат Болаттын иши боюнча соттук отурумдар май айында башталды. Алар резонанс жаратып, кызуу талкуу менен коштолду.

Былтыр 4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыштар, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар, кылмыштуу топтун лидери атыккан киши бар экени кабарланган.

Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер, прокурорлор кызматтан алынган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus