Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Касымалиев КМШ ичинде биргелешкен туристтик багыттарды уюштурууну сунуштады

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 5-июнда өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын жыйынына катышты. Бул тууралуу МинКабдын сайты кабарлады.

Касымалиев кеңейтилген курамдагы отурумда уюмга мүчө мамлекеттердин ичиндеги Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын чек араларынын такталып бүтүшүн Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана КМШнын чегиндеги тарыхый окуя катары атады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен энергетика, логистика, курулуш, айыл чарба, санариптик экономика жана “жашыл” технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө даяр экенин айтып, экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары туризмди белгиледи.

“Кыргыз Республикасында туризм тармагы ишенимдүү өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү факторуна айланууда. Республика боюнча аэропорттор модернизацияланып, транспорт жана мейманкана инфраструктурасы жакшыртылууда. Кыргызстан өлкөдө өз алдынча жана чет элдик инвесторлордун катышуусу менен заманбап лыжа кластерлерин өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыра баштады. Трансчекаралык туристтик маршруттарды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлор жана программалар аркылуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маанилүү деп эсептейм. Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен бардык тармактарда биргелешип иштөөгө умтулат”, – деди Адылбек Касымалиев саммитте.

Адылбек Касымалиев саммитке катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына 4-июнда барды. Эки күн ичинде ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, премьер-министри Кохир Расулзода баштаган аткаминерлер менен жолукту.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын саммитинин соңунда 15тей документке кол коюлду.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоого 2022-жылы чекит коюлуп, келишим кабыл алынган. Кыргыз-тажик чек арасы боючна келишимге быйыл 13-мартта Бишкекте кол коюлган. 31-мартта Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери кездешип, үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшкан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus