Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды

Кара-Кулжа районунда бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Бул тууралуу 5-июнда “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Уланов аттуу блогер Айзирек өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу талаш-тартыштуу пост жазган. Социалдык тармактарда аны маркум келинди мазактоого, анын атып өлтүрүлгөнүн актоого байланыштуу айыптап, жоопко тартылышын талап кылгандар чыккан.

Шаардык милиция Айбек Улановду 30-майда суракка алып, анын билдирүүсүнө байланыштуу териштирүү башталганын билдирген. Уланов өзү ката кетиргенин мойнуна алып, маркумдун жакындарынан, коомчулуктан кечирим сураган жана мыйзамдарда каралган жазага тартылууга даяр экенин билдирген.

“Бирок, У.А. кийинчерээк кайрадан түз эфирге чыгып, коомчулукка терс таасирин тийгизген билдирүүлөрдү жарыялап, кырдаалды курчуткан. Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, 1994-жылы туулган шектүү У.А. Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айылынан кармалып, борбордук милициянын Тергөө кызматына жеткирилген. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды”, – деп айтылат милициянын маалыматында.

Шектүү Республикалык наркология жана психиатрия борборуна жеткирилген. Милициядан такташкандай, медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын баңги зат колдонуудан кийинки мас абалында болгону аныкталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы башка блогерлерди жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды чыгарбоого чакырып, анын жоопкерчилигин эскертти.

Айбек Улановдун жоопкерчилигине байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 3-июндагы жыйынында да көтөрүлгөн.

4-июнда Айбек Улановдун бир тууган байкеси да милицияда сурак бергени белгилүү болгон. Ал кармалганы тууралуу маалымат жок.

26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган. Ички иштер министрлиги анын куралы буга чейин каттоого, текшерүүгө алынбаганын ырастап, буга байланыштуу айрым милиция кызматкерлери жазаланганын жарыялады.

Маркумдун артында беш баласы калды. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus