Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусиядагы кыргыз мигранттары 15 миллион рубль эмгек акысын кайтарып алышты

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жылдын алгачкы беш айында бул өлкөдө жүргөн 175 кыргызстандык жаранга мурда алынбай калган 15 764 700 рубль эмгек акысын кайтарып алууга көмөктөштү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкүлчүлүктүн адистери бул үчүн иш берүүчүлөр менен бетме-бет жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бир бөлүгү менен расмий кат алышкан.

Бул жарандардан сырткары 6 кыргызстандык өндүрүштүк жаракаттары үчүн 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн адистери бул аралыкта жалпы 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.

20 кыргызстандыкка Орусиянын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү. Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 3 баланы Кыргызстанга кайтарууга (репатриациялоо) көмөк көрсөтүлдү.

Министрлик Орусиядагы өкүлчүлүктүн иши күнү-түнү уланып жатканын, колдоо бетме-бет жолугушуулар аркылуу да, онлайн форматта да көрсөтүлөрүн маалымдайт.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.

Ошол маалда анын 85 миңдейи кыргызстандык экени кабарланган болсо, майдын башына карата алардын саны 70 миңге түшкөн. Миграциялык "кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын бир тобу Орусиядан чыгып кетип жатышса, экинчи тобу тизмеден чыкканга аракет кылууда.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus