Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жапония Өзбекстандын 10 миң жаранына иш берет

Өзбекстандын өкмөтүнө караштуу Миграция агенттиги жапониялык General Incorporated Foundation (JCAEMCE) уюму менен 10 миң өзбекстандыкты Жапонияда беш жыл ичинде ишке орноштуруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Миграция агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган агенттик Жапонияда иштегиси келген өзбек жарандарына жумуш ордун табуу жана даярдоо иштерин аткарат.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстандын Ташкент, Самарканд жана Наманган шаарларында жапон тилин үйрөткөн курстар ачылат.

Ушул айда WiseBridge деп аталган онлайн платформа ишке кирет. Анын жардамы менен Жапониядагы иш берүүчүлөр менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн Жапонияга болгон иш сапарынын алкагында визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери да талкууланды.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Өзбекстандын экономикасы да чет өлкөдө иштеген мигранттардын акча которуусунан көз каранды. Коңшу өлкөдө чет жакка кеткен мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштейт.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus