Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Былтыр шылуундар интернет аркылуу 1 млрд сомдон ашык акчага алдап кеткен

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети интернет аркылуу алдамчылык кылгандарга жазаны катаалдатуу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Документке байланыштуу анын автору, депутат Сүйүн Өмүрзаков баяндама жасап, азыр шылуундуктун жаңы түрлөрү пайда болуп жатканын, алар укуктук талаадагы боштуктан пайдаланып жүрүшкөнүн, мындай алдамчылыктын айынан жабыркаган жарандар көптүгүн билдирди.

"Акыркы убакта интернет аркылуу банктын атынан жарандарга кайрылып онлайн кредит алып аны башка банк эсептерине которуп кетүү, банк эсебин ижарага берүү жана сатуу, дроппер схемалары менен эл аралык алдамчылардын кыргыз жарандарын эсептери аркылуу акчасын адалдоо учурлары кескин көбөйүп, карапайым калктын жашоосуна чоң зыян келтирүүдө. Долбоордо ушундай кылмыштарга барган адамдардын жоопкерчилигин караган жаңы берене киргизүүнү сунуштап жатабыз. Статистикалык маалыматка ылайык, былтыр 2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес. Анын кесепетинен жабырлануучулар 1 миллиард сомдон ашык зыянга учураган. Быйылкы жылдын төрт айында мындай кылмыштардын зыяны 5,5 миллион сомдон ашты",-деди Өмүрзаков.
Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.
Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.

Буга чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus