Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, кесепетин жоюу боюнча долбоор ишке ашырылды

Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, кесепетин жоюу боюнча натыйжалуу жана ыкчам чечимдерди кабыл алууга багытталган пилоттук долбоор жыйынтыкталып, эми аны кеңири жайылтуу пландалууда.

INFORM деп аталган ыкма Жалал-Абад облусунун жаратылыш кырсык көп катталган Сузак районунда муниципалдык деңгээлде ишке ашырылды. Райондогу бардык 13 айыл аймагы камтылып, 300 миңдей калк жашаган жердеги абалдын канчалык кооптуу экендигине баа берилди.

Атайын карта түзүлүп, кырсык болушу ыктымал тилкелердеги абалдын кооптуулук деңгээлин аныктоо, ошого жараша чечим кабыл алуу ишин, даярдыкты жакшыртуу модели түзүлдү. Бул үчүн илимий ыкмалар колдонулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы менен бирге даярдаган долбоорду ишке ашырууга Швейцария өкмөтү көмөктөштү.

Адистер белгилегендей, соңку жылдары Кыргызстанда сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталууда. Буга өлкөнүн географиялык жайгашуусу менен катар жалпы дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр түрткү болууда.

ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин маалыматына караганда, 2024-жылы нөшөр жаандан кийин 330 сел кырсыгы катталып, 22 кишинин өмүрү кыйылды. Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу жогору 4 миңден ашуун зона бар, 2 миңге жакын бийик тоолуу көлдүн 368инде жырылуу коркунучу бар. Сузакта 600дөй үй-бүлө кооптуу жерлерде жашай турганын, мамлекет каражат жана жер бөлүп бергенине карабастан көчпөй жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген. Жергиликтүү тургундар жаңы үй-жай курууга каражаты жетишсиз экенин айтышат. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus