Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газа: жардам тараткан борборду Израил танк менен аткылаганы кабарланды

Газа тилкесинде Рафах шаарындагы гуманитардык жардам тараткан борборду Израил танкалар менен атканы кабарланды. Би-Би-Си күбөлөргө, дарыгерлерге шилтеме кылып кеминде 26 адам мерт болгонун, дагы 150өн ашыгы жараат алганын жазды.

Би-Би-Синин бул шаардагы кабарчысы Мухаммед Гарииб танкалар борбордун жанына миңдеген палестиналык топтолуп турган маалда ок чыгарганын айтып берген.

Жергиликтүү журналисттер, активисттер окуя болгон жерден үрөй учурган кадрларды жарыялашты.

Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек.

Рафахтагы окуя АКШ менен Европа Биримдиги террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу Вашингтондун 10 туткунду бошотуу, дагы 18 туткундун сөөгүн берүү сунушуна көнүп, ошол эле маалда Израилдин абактарындагы палестиндер бошотулушу керек деген шарт койгондон кийин болду.

Кошмо Штаттарынын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф бул шартты аткарылгыс деп атаган, Тель-Авив дагы аны четке каккан.

Апта соңунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү Уиткоффтун Газада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планына макул болгонун билдирген.

Документте Израилге 19 айдан бери уланып келаткан анклавдагы согушту токтотуу талабы айтылбаганы менен тараптар узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого тийиш деген шарт камтылган. АКШ, Египет жана Катар ок атышпоого кепилдик берери көрсөтүлгөн.

Израил армиясынын болжолдуу эсебинде, ХАМАСтын колунда ушул тапта 50 чакты киши отурат, бирок алардын 21и гана тирүү.

Израил марттын ортосунда убактылуу жарашуудан чыгып кетип, гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган.

Анклавдагы гуманитардык кризис курчуп, бир жумадай мурун чектелген көлөмдөгү жүктү жеткирүүгө уруксат берилгени менен ачарчылык коркунучу тооруп турат.

Тилкедеги согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин жооп иретинде баштаган согушу 54 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

19-майда Израилдин куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) анклавдын түндүгү менен түштүгүндө жердеги ири масштабдагы операциясын баштаганын жарыялаган.

Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus