Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттар депортация болорун эскертти

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга, чет элдиктерге кайрылып, 10-июнга чейин укуктук абалын жөнгө салышы керектигин билдирди. Укук коргоо органдары ал мөөнөткө чейин тийиштүү документтерди берерин маалымдады.

“Кыргызстанга окуу же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүрсөңүз да эч чочулабастан 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп алсаңыз болот. Ал үчүн эч кандай жаза чегерилбейт, айып пул дагы төлөбөйсүз. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Ошолорго документтерин тууралап алууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ал үчүн ИИМдин бөлүмдөрүнө кайрылып, өлкөбүздө кылмыш кылбаганы тууралуу маалымдама алсаңыздар жетиштүү. Ошол документ менен Консулдук департаментке кайрылып, визаларын тууралап алса болот. Чет элдик жарандарды иштетип жүргөн ишкерлерибизге да кайрылат элем. Тикмечилик, курулуш, товар жеткирүү же башка кайсыл жумушка алсаңыздар да алардын документтерине көңүл буруп койсоңуздар. Мурдагыдай бир мекемеде жумушчулардын 20% гана чет элдик болушу керек деген талап жок. Азыр жумушчуларыңар толук чет өлкө жарандары болсо да чектөө жок”,-деп жазылган Ниязбековдун билдирүүсүндө.

Министрлер кабинети 29-майда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобону бекиткен. Өкмөттүн басма сөз кызматы документ президент Садыр Жапаровдун 22-майдагы "Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары тууралуу" жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Өкмөт былтыр чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus