Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ошто Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өттү

Акын, публицист, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 30-майда билдиргендей, фестиваль Ош улуттук драма театрында өттү.

“Отту сүйөм” жана “Жашыл аалам” аттуу поэзия кечелери уюштурулуп, акындын мыкты лирикалык жана патриоттук ырлары жаңырды. Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы кыргыз руханий дөөлөтүнүн ажырагыс бөлүгү экендиги дагы бир жолу белгиленгенин кошумчалаган министрлик иш-чара алкагында Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда акынга арналган эстелик ачылганын кабарлады.

Фестиваль Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын жаш акындарын бир аянтчага чогултту. Үч күн бою чыгармачыл мастер-класстар, поэтикалык беттештер, маданий экскурсиялар жана түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы адабий диалогду өнүктүрүүгө багытталган талкуулар өттү. Иш-чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев катышты.

Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1957-1962-жылдары борбордогу Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө, 1969-1971-жылдары Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан билим алган.

Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары күйөрмандарынын алкоосуна татыган.

Жолон Мамытов 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында Москва шаарында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus