Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош шаарынын мэри күйөөсүнүн колунан мерт болгон келиндин балдарына жардам убада кылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 20 жылдык кечеге баргандан кийин күйөөсүнүн колунан мерт болгон келиндин Өзгөнгө караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы ата-энесине барып, куран окуп, көңүл айтты. Ал маркумдун балдарын Ош шаарында окутуп, жатакана, тамак-аш жана кийим-кече жактан жардам берилерин убада кылды.

"Мэр бул каргашалуу окуя жалпы Кыргызстандыктарды кайгыга салып, аял затына болгон мындай мамилени айыптап жатышканын билдирди. Ошондой эле маркумдун артында калган, мектеп жашындагы балдарын Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берерин, ал жерде жатакана, тамак-аш, кийим кече менен камсыздалып көзөмөлдө болорун кошумчалады",-деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалган. Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы окуя 26-майда болгонун билдирген.

Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес, бирок маркумдун туугандары келинди күйөөсү атып салганын билдиришкен.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров 30-майда аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптап атайын билдирүү жасады.

Муфтий коомчулукка кайрылып, "аялзатын кордоо, көңүл коштук кылуу жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик" деп атады. Мындан улам эркектерге кайрылып, кыз-келиндерди коргоп, колдоого чакырды.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus