Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташиев көлдөгү кан жолдордун курулушун июлга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдөгү негизги жолдун курулушу 1-июлга чейин толук бүтүрүлүшү керектигин билдирди. Ал бул тууралуу 30-майда аталган облуска барганда айтты. Ташиев транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаевге тапшырма берип, 30-июнда келип текшерип кетерин айтты.

"Урматтуу министр, угуп коюңуз, сизге 1-июнга чейин бардык жолду бүтүрүү боюнча тапшырма берилген. Мен азыр көрүп келе жатам, жолдун негизги полотносу бүтүптүр, бирок чекесиндеги инфраструктура бүтпөптүр. Бордюрлар коюлган эмес, аялдамалар курулган эмес, арыктар жок, тротуарлар бүткөн эмес. Сизге берилген тапшырма аткарылган эмес. Ошондуктан сизге акыркы жолку эскертүүнү негизинде дагы жаңы тапшырма коюп кетем. Коюлган тапшырмалар 1-июлга чейин аткарылышы керек. Туристтер келген учурда момундай баш аламандык болбошу керек. Мен муну 30-июнда келип дагы карайм, эгер бүтпөсө мен сиз тууралуу президентке өз сунушумду берем", - деди Ташиев.

Ысык-Көлдөгү жалпы узундугу 440 чакырымды түзгөн айланма жолду оңдоо былтыр апрелде башталган.
Долбоордун алкагында төрт тилкелүү жол, тротуар, веложол, аялдама, көпүрө жана суу өткөргүч сыяктуу жасалма курулмаларды куруу, анын ичинен жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөкт ор, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөлөрдү салуу каралган. Долбоор толугу менен 2028-жылы аяктайт деп белгиленген.

Кыргыз өкмөтү бул жолдун курулушуна Азия өнүктүрүү банкынан, Сауд өнүктүрүү фондунан, Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фондунан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан, Ислам өнүктүрүү банкынан жана Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюмунан (OPEC) насыя, грант алган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus