Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Исламдын кыргыздардын жашоосундагы орду тууралуу китеп чыкты

Ислам дининин кыргыздардын жашоосуна кирип келиши жана анын өнүгүү тарыхын изилдеген китеп жарык көрдү. Анда VII кылымдан азыркы доорго чейинки диний жагдай камтылган. Мусулманчылыктын кыргыз коомуна сиңиши, тыюу салуулардан тартып, эркиндик берүүгө чейинки учурлар изилденген.

Ошондой эле Мусулмандар дин башкармалыгы – муфтияттын калыптанышы, аны башкарган дин аалымдары жана алардын ишмердигине байланыштуу маалыматтар берилген. Тыюу салынган диний уюмдар, алардын ишмердигине бөгөт коюунун себептери талданган.

“Ислам кыргыздар менен Кыргызстандын тарыхында” аттуу эмгек илимий изилдөө жана тыянактардын негизинде жазылган. Авторлору - диний эксперттер Канатбек Мурзахалилов жана Назира Курбанова. Магистрлерге, докторанттарга жана аспиранттарга арналган окуу-методикалык колдонмо катары жазылган китептин бетачары 28-май күнү Бишкекте өттү.

Авторлордун бири – Канатбек Мурзахалилов “Азаттыкка” билдиргендей, бул китепти жазуу үчүн 260 илимий эмгек, макалалар изилденип, колдонулган:

"Азырынча китепти орус тилинде 400 нускада чыгардык. Аны кыргызчага которуп, көбүрөөк нускада чыгарууну пландап жатабыз".

Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 2024-жылы декабрда кабыл алып, 2025-жылы 21-январда президент Садыр Жапаров кол коюп, 1-февралдан тарта күчүнө кирген. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына караганда, буга чейинки мыйзам 2008-кабыл алынган, жаңысы ошонун негизинде иштелип чыгып, 40 берене камтылган.

Китептеги маалыматка караганда, Кыргызстанда 2024-жылга карата 3933 диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, бир ислам университети, 10дон ашуун ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

Канатбек Мурзахалилов 2018-2021-жылдары "Азаттык" радиосунун "Биз жана дин" программасынын автору болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus