Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШда сот Трамп глобалдык тариф саясатында укугунан аша чапкан деп тапты

Кошмо Штаттарынын Эл аралык соода боюнча федералдык соту президент Дональд Трамп глобалдык тариф саясатында өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп таап, аны бөгөттөө тууралуу чечим чыгарды.
Үч судьядан турган коллегиянын чечиминде 1977-жылдагы Өзгчөчө кырдаалдагы экономикалык ыйгарым укуктар тууралуу Трамп шилтеме кылган мыйзам ага дүйнө өлкөлөрүнө тариф киргизүүгө укук бербеси жазылган.

Манхэттенде жайгашкан сот ошондой эле АКШнын Конституциясы башка мамлекеттер менен соода-сатык алака-катышты жүргүзүү укугун Конгресске гана бергенин, экономиканы коргоо президенттик ыйгарым укугу эмес экенин билдирди.

Бул чечим чыгар замат Трамптын администрациясы ага каршы аппеляциялык арыз жазды. Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Куш Десаи "шайланбаган судьялар чукул кырдалга кандай реакция кылуу керектигин чечүүгө укугу жок" деп билдирди.

Апта башында Трамп Европа Биримдигинен келген товарларга 50% тариф киргизүү планын 9-июлга чейин токтоткон. Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына мындай чечимди Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын билдирген.

Ал 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Ага ылайык, Еврошаркеттен импорттолгон товарларга 20% тариф кирмек.
Трамп көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялаган. Кытайга болсо бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын жарыялаган.
Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизет деп болжолдонуп жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus