Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айыл чарба министрлиги: ферула айдагандарга жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги сасык чайыр (ферула) айдоону көбөйтүү жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Кыргыз өкмөтү былтыр сентябрда атайын токтом чыгарганын, анда иш-пландар бекитилгенин билдирди. Документте 2028-жылга чейин чайыр айдалган жердин аянтын 11,6 миң гектарга жеткирип, жылына 1400 тоннадай сырье жыйноо пландалып жатканын, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилерин кошумчалады.

"Министрлик-мекемелерге, жергиликтүү бийликке фермерлер менен ишкерлерге өндүрүш жана маркетинг жагынан көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди. Феруланы өстүрүүнү каалагандарга 6% жылдык үстөгү менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Фермерлер үчүн агротехникалык окутуулар уюштурулуп, былтыртан бери өлкөнүн 12 айылында 107 чарба ферула өстүрүү менен алектенүүдө. Министрлик асылдуулугу төмөн жайыттарга ферула эгүүнү сунуштайт. Тиешелүү иштер үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга кайрылууга чакырат",-деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында ферула тууралуу өкмөт дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Депутат Динара Ашимова өкмөт план кабыл алып, дыйкандарга ферула айдоо тууралуу сунуш бергенин, бирок иш ошол бойдон токтоп калганын билдирген. Мындан улам өкмөт өкүлдөрүн чакырып, маалымат алууну сунуштаган.

Буга чейин Баткенде ферулага байланыштуу маселе чыккан. Айрым жергиликтүү тургундар чайыр алуу үчүн жайыт мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин, ага облустагы таасирдүү адамдар аралашканын айтып чыгышкан.

2022-жылы облустун ошол кездеги губернатору Абдикарим Алимбаев мамлекеттик деңгээлде анын жол-жобосун иштеп чыгуу керектигин айткан. Жапайы чайырды жыйноого жалпысынан 20дай уруксат берилгени, аларга тийбей, кол менен айдап, аны жыйнап алуу сунушу берилген.

Ферула же кыргызча аталышы сасык чайыр (кокон чайыр деген да аталышка ээ-ред.) - көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда анын 35тен ашык түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Мындан улам анын бир килограммы 30дан 100 долларга чейин бааланып, четке сатылып жатканы маалымдалган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus