Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Эркин Тоо” (Кыргыз Туусу) гезитинин тарыхы жөнүндө китеп жарык көрдү

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин ичинде “Эркин Тоо” гезитинин тарыхы (1924-2024)” китебинин 3 томдугу жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” китептин авторлору билдиришти.

Топтомду журналист, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун жетекчилиги менен авторлор жамааты жазды.

Китепте “Эркин Тоо” деген ат менен уюшулуп, кийин “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” деген аталышта жашап келаткан гезиттин 100 жылдык тарыхы чагылдырылды. Тунгуч басылманын басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү жөнүндө көп жылдык иликтөөлөрдүн, талдоолордун жыйынтыктары жөнүндө кенен кеп болот.

“Бул китеп Кыргызстанда басылмалардын тарыхына байланыштуу жазылган биринчи иликтөө. Азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 1924-2024-жылдардагы таржымалы Кыргызстандын соңку бир кылымдык тарыхы менен байланышкан көчмөн калкты отурукташтыруу, коллективдештирүү, жер-суу реформасы, бай-манаптарды тап катары жоюу, калктын сабатсыздыгын жоюу, сталиндик массалык репрессия, эл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган беш жылдык пландар, өлкөнү индустриялаштыруу, Улуу Атамекендик согуш, ооруктагы эмгек, эл чарбасын калыбына келтирүү, “өнүккөн социализм” доору, коммунизмди куруу идеологиясы, “кайра куруу” желаргысы, эгемен Кыргызстандагы ички-сырткы саясат жана сөз эркиндиги баалуулуктарынын алкагында талданып жазылып, коомго сунулду”, – дейт Бакыт Орунбеков.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин ачылышы 27-майда Алыкул Осмонов атындагы китепканада өттү.

1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилиндеги туңгуч гезити – “Эркин-Тоо” деген ат менен араб тамгасында биринчи саны жарыкка чыккан. Гезиттин алгачкы алты саны Ташкенттен, ал эми жетинчи санынан баштап Пишпектен чыгарыла баштаган. Басылма 1927-жылдан “Кызыл Кыргызстан”, 1956-жылдан “Советтик Кыргызстан”, 1991-жылдан “Кыргыз Туусу” болуп өзгөргөн.

Учурда “Кыргыз Туусу” гезитинен сырткары башка “Эркин-Тоо” деген өзүнчө мамлекеттик гезит бар. Экөө тең онлайн да маалымат таратат.

Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автоном облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. Кыргызстан 1991-жылы ошонун чегинде эгемендик алган. Өлкө автоном облустун 100 жылдыгын 2024-жылы белгиледи. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus