Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Уиткофф ХАМАС анын сунушуна көндү деген маалыматты четке какты

Вашингтондун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф ХАМАС (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу Газа тилкесинде ок атууну токтотуу шарттарына көндү деген маалыматты четке какты.
Өзүн ХАМАСка жакын деп тааныштырган палестиналык аткаминер согушкерлер долбоорго макул болду деп Рейтер агенттигине айтып берген. Анын айтымында, израилдик он киши барымтадан бошотулмак, бул үчүн уруш 70 күнгө токтоп, израилдик аскерлердин (ЦАХАЛ) бир бөлүгү анклавдан чыгарылмак жана Израилдин абактарынан жүздөгөн палестиналык туткун эркин кылынмак.
Уиткофф ХАМАС көндү деген шарттарды ал сунуш кылбаганын билдирди.
Рейтер жазганы боюнча, Израилдин өкүлү бул планды кабыл алынгыс деп дароо четке какты жана АКШнын сунуштарына төп келбесин белгиледи.
Январда жетишилген убактылуу жарашууну Израил 18-мартта хамасчылар барымтадагыларды токтоосуз бошотуу талабын аткарбай койгондо үзгөн.
ЦАХАЛдын болжолдуу санактарына ылайык, ХАМАСтын колунда ушу тапта 50 чакты киши кала берүүдө, алардын 21и гана аман.
Марттан бери блокадада калып, гуманитардык жардам жеткирилбей калган Газага жүк ташыган машиналар бир нече күн мурун эле кое бериле баштады. БУУ баш болгон эл аралык уюмдар ачарчылык коркунучун эскертүүдө.
Ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери тилкеге дээрлик күн сайын сокку урулууда. Согуштан качкан жайкын тургундар бир нече жолудан жер которууга, алачык, чатырларда башкалкалоого мажбур.
ЦАХАЛ жоочулар жашырынган жайларды бутага алганын айтууда.
18-майда Израилдин армиясы Газанын түштүгүндө жана түндүгүндө толук масштабдуу жер операциясын баштаганын билдирген.
Эл аралык коомчулуктун катуу сынына карабай Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.
ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.
Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү сүйлөшүүлөрдүн, туткун айырбаштоо макулдашууларынын негизинде бошотулган.
Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 54 миңдей газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus