АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын Гарвард университетин чет элдик студенттерди окутуу лицензиясынан ажыратуу чечими талкуу жаратты. Окуу жайдын жетекчилиги жана айрым аналитиктер муну бийликтин кысымы катары баалап жатышат. Соңку маалымат боюнча, сот бул чечимди убактылуу бөгөттөдү.