Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Гарварддын чет элдиктерди кабыл алуусуна тыюу салган чечим сотто бөгөттөлдү

АКШда сот чиновниктердин Гарвард университетине чет элдик студенттерди кабыл алууга салган тыюусун бөгөттөдү.
Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын Массачусетстеги аймактык соту Гарвард университетинин Ички коопсуздук министрлигинин аталган окуу жайга чет элдик студенттерди кабыл алууга салган тыюусун токтотуу боюнча өтүнүчүн канааттандарды.
Мурдараак Гарвард университети АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын чет элдик студенттерди кабыл алууну тыйган чечимине каршы доо арыз берген. Документте Ак үйдүн чечими окуу жайга олуттуу сокку урганы белгиленген. Арызда Гарвард административдик процедуралар боюнча мыйзамды жана Башмыйзамдагы сөз эркиндиги менен жыйналуу эркиндигин кепилдеген биринчи түзөтүүсү бузулгандыгын камтыган 10 юридикалык доо койгон.
Буга чейин АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Гарвард университетин чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыраткан. Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм чет элдик студенттер азыркы макамын сактап калуу үчүн башка окуу жайларга которулушу керектигин билдирген.
Гарвард министрликтин чечимине карата өз билдирүүсүндө Трамптын администрациясынын аракеттерин мыйзамсыз деп атаган.

"Биз Гарварддын 140тан ашык мамлекеттен келген жана университетти, бул мамлекетти байыткан эл аралык студенттерди жана окумуштууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн сакталышына бекем турабыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Өткөн айда Гарвард Трамптын администрациясын университеттин 2 миллиард доллардан ашык мамлекеттик каржылоо программасын токтотуп койгону үчүн федералдык сотко берген.

АКШ президентинин администрациясы университеттен башкаруу системасын реформалоону, кабыл алуу эрежелерин өзгөртүүнү, кампустагы ар түрдүүлүк боюнча көз караштарды текшерүүнү жана айрым студенттик клубдарды таануудан баш тартууну талап кылган. Университет аны четке каккандан кийин администрация Гарвардга бөлүнгөн 9 миллиард доллардын ичинен 2,2 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоону токтотуп койгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus