Финансы министрлиги май айында 2,25 млрд сомдук баалуу кагаз чыгарды
Кыргызстандын Финансы министрлиги 23-майда жалпы суммасы 2 млрд 250 млн сом болгон мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) чыгарды. Аукцион тууралуу маалыматты Улуттук банк жарыялады.
Беш жылдык мөөнөткө жайгаштырылган 850 млн сомдук облигациянын жылдык үстөгү 6%, ал эми он жылдык 1 млрд 400 млн сомдук облигациянын купондук үстөгү 8% деп белгиленген.
Купондук төлөмдөр жылына эки жолу – 26-ноябрда жана 26-майда төлөнөт.
Талдоолор көрсөткөндөй, Финансы министрлиги жыл башынан бери (май айын кошкондо) 23,8 млрд сомдук мамлекеттик казыналык облигация чыгарды. Мекеме 2025-жылы жалпысынан 34 млрд сомдон ашуун баалуу кагаз чыгарууну пландаган.
Жайгаштырылган айыМКОну чыгаруу көлөмү, сомКупондук үстөгү, %Жүгүртүү мөөнөтү, жыл2025-жыл, январь4,7 млрд5-83-102025-жыл, февраль4,2 млрд6-75-72025-жыл, март5,5 млрд5-83-102025-жыл, апрель7,15 млрд6-73-72025-жыл, май2,25 млрд6-85-10
Мамлекеттик казыналык облигациялар өлкө ичиндеги булактардан каражат тартуунун ыкмасы болгондуктан алар мамлекеттин ички карыздарына кошулат. Баалуу кагаздардын мөөнөтү эл аралык насыяларга салыштырмалуу кыска жана үстөк пайызы жогору болот.