Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ президенти Трамп Евробиримдикти 50% тариф менен коркутту

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Евробиримдиктен ташылган товарга 1-июндан тарта 50% тариф киргизерин жарыялады. Бул тууралуу ал Truth баракчасына жазды.

"Алардын соодага кылган тоскоолдуктары, салык, корпорацияларга байланыштуу күлкү келтирген айыптар, монетардык эмес соода чектөөлөрү жана манипуляциялар, америкалык компанияларга каршы адилетсиз жана негизсиз соттук териштирүүлөр жана башка нерселер Америка Кошмо Штаттары менен жылына 250 млн доллардан ашык соода таңкыстыгына жеткирди, бул таптакыр кабыл алынгыс," - деди Трамп.

АКШ лидери Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга электигин кошумчалады.

Трамптын бул билдирүүсү Европа комиссиясынын соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Марош Шефчович жана АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грирдин телефон сүйлөшүүсүнө чейин жарыяланды.

Дональд Трамп 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Айрыкча ал Европа Биримдигинен импорттолгон товарларга 20% тариф кирерин билдирген. Британия үчүн бул көрсөткүч 10% түзөт, ал эми айрым өлкөлөр үчүн — 40% жана андан да жогору болушу мүмкүн. Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизери күтүлүүдө.

9-апрелде Трамп 75тен ашуун өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялады. Ошол эле маалда Кытайга бажы төлөмдөрү 125% пайызга чейин көтөрүлдү. Мунун артынан эле Кытай да жооп кайтарып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулата турганын жарыялады.Евробиримдик да АКШ товарларына 25% бажы төлөмдөрдү киргизүүнү 90 күнгө жылдырды. Бул кадамдар соода согушунун жаңы толкунун баштап, глобалдык экономикалык чыңалууну күчөтүүдө. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus