Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстанда оппозициячыл саясатчыга акча которгону үчүн 24 адам кармалды

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" өкүлү Мухаммадикбол Садуридиновго (Садриддин) акча которгону үчүн "экстремизм" беренеси менен 24 адам кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып жазды.

"Озоди" жазгандай камакка алууга Орусиянын Сбербанкы өткөрүп берген маалыматтар негиз болгон. Маалыматка караганда, аталган банк оппозициячыл активисте акча которгон тажик жарандарынын тизмесин тажик бийлигине берген.

Соңку бир нече күн ичинде Куляб облусунун Ханабад айылынын 24 тургуну камалды. Алардын басымдуу бөлүгү буга чейин Орусияда миграцияда жүрүп келген. Учурда алар тергөө абагында камакта.

"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары Сбербанк "Крокус сити холддогу" террактан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык тажик өкмөтүнө маалымат бере баштаганын билдирди.

Мухаммадикбол Садриддин "Озоди" радиосуна жазуу түрүндө берген жообунда акча которуулар болгонун ырастап, ага акча жиберген адамдардын бири да кармалбаганын билдирди. Садриддиндин айтымында, тажик өкмөтү анын ысымын атап, бийликке каршы чыккандарды жазага тарткысы келет.

Расмий Дүйшөмбү бул боюнча комментарий бере элек.

Былтыр Орусия тажикстандык оппозиционерге иш козгоп, аны камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарган. 47 жаштагы Мухаммадикболи Садриддин Франциядан башпаанек сураган. Ал тажик өкмөтүнүн иши тууралуу кескин сын макалаларды жарыялаган “Ислох.нет” сайтынын башкы редактору жана “Ислох ТВ” телеканалынын негиздөөчүсү. Тажик бийлиги “Ислох ТВ” сайты жана анын редактору Мухаммадикбол Садриддин менен кызматташкан адамдарды буга чейин сот жообуна тарткан окуялар болгон. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus