Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Атайын кызмат Ош шаарынын казысы кармалганын ырастады

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарынын казысы менен кошо дагы бир диний кызматкер кармалганын ырастады. Атайын кызмат көптөн бери бул казыятта мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирди.

"Ош шаардык казыятынын кызматкерлери мечит, медреселердин кызматкерлеринен такай акча чогултуп келген. Бул казыяттын ишине эле эмес, бийликке карата да нараазычылыктарды жараткан. Мындай фактыларда улам УКМКга арыз түшкөн. Атайын кызматтын аймактык башкармалыгы Кылмыш-жаза кодесинин 209-беренеси (алдамчылык)( менен кылмыш ишин козгогон. Ыыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталган. Соттун уруксаты менен Т.М.Б, М.Ж.М, Д.Б.Х. жана С.А.К аттуу кызматкерлердин үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Акча чогултуу фактысына байланыштуу Т.М.Б мене М.Ж.М УКМКнын Оштогу убактылуу кармоочу жайына киргизилди",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана кармалгандардын жакындар, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында айрым жергиликтүү басылмалар Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев камалганын билдиришкен. Ал Ош шаарынын казысы болуп 2023-жылдын башында дайындалган. Ага чейин, 2019-жылдан бери шаардык казынын орун басары болуп турган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus