Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Түштүк Африканын бийлигин ак терилүү жарандарды куугунтуктоого айыптады

АКШнын президенти Дональд Трамп 21-майда Ак үйдө Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса баштаган делегация менен жолукту. Анда бул өлкөнүн бийлиги ак терилүү жарандарды куугунтуктаган делген видеолор көрсөтүлдү.
Би-би-си тасмалардын бирин түштүкафрикалык оппозициячыл саясаты Жулиус Малема тартканын, анда ак терилүү фермелерге байланыштуу делген жагдай көрсөтүлгөнүн жазды.

Би-би-синин Ак үйдөгү кабарчысы Трамптын ачуу, айыптаган сөздөрүнө карабай Сирил Рамафоса басма сөз жыйынынын аягына чейин кебелбей, өзүн кармап отурганын, дооматтарды сыпайы четке какканын билдирди.

Бул жолугушууга Түштүк Африкада төрөлүп, чоңойгон Мамлекетти эффективдүү башкаруу департаментинин башчысы, америкалык миллиардер Илон Маск дагы катышты, бирок сөзгө аралашкан жок. Трамп жолугушуу маалында ага кайрылып, бул "Илон Масктын көздөгөнү" экенин билдирди, бирок аны дискриминация маселесин талкуулоого аралаштыргысы келбегенин айтты.

Ушул айда АКШнын бийлиги түштүкафрикалык ак терилүү 59 адамга качкын катары башпаанек бергенин жарыялаган жана алар өз өлкөсүндө басым-кысымдан, зомбулуктан чочулап келишкенин айткан.

Сирил Рамафоса Ак үйдөн кетер алдында журналисттерге Трамп менен жолугушуунун жабык бөлүгү "өтө жакшы" өткөнүн билдирди. Кошмо Штаттарынын президентин ноябрда Йоханнесбургдагы "Чоң жыйырманын" саммитинде күтөрүн кошумчалады.

Ушул жылдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түштүк Африка Республикасындагы "Чоң жыйырманын" саммитине катышпасын билдирген. X социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө бул өлкөнүн бийлигин н "жаман иштерге барганы" үчүн күнөөлөп, буга жарандардын жеринин күч менен тартылып алынышын мисал кылган.
Анын алдында Илон Маск бул мамлекеттин бийлигин кайсы бир жарандардын тобунун жерлерин тартып алууга шарт түзгөн мыйзам кабыл алганына күнөөлөгөн.

Түштүк Африка Республикасынын бийлиги мындай кадамга ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында барганын жүйө келтирип келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus