Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду

Вашингтондун борборундагы Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду жана аларга ок чыгарган деп шектелген жаран кармалды.

Маалыматтарга караганда, окуя кечки саат 9дар чамасында болгон. Би-би-си элчиликтин бир аял жана эркек кызматкери музейде Газанын тургундарына жардам берүүгө арналган иш-чарадан кетип баратканда атылганын ошол жолугушуунун уюштуруучуларына шилтеме кылып жазды.

Израил элчилигинин басма сөз катчысы Таль Наим Кэон ок жакын жерден атылганын кабарлады. Киши колдуу болгондордун аты-жөнү ачык айтыла элек, бирок алар жакында баш кошкону жаткан жаш түгөйлөр экени белгилүү болду.

Полиция кылмышка шек саналып Чикаго шаарынын тургуну, 30 жаштагы Элиас Родригес кармалганын жарыялады. Ал колго түшүрүү учурунда "Палестинаны бошоткула" деген ураанды кыйкырганын билдирди.

Федералдык чалгын бюросунун Вашингтондогу бөлүмүнүн жетекчиси Стив Женсен кылмышка шектүүнүн "террорчулук менен байланышы" текшерилерине токтолду.
Колумбия округунун полиция башчысы Памела Смит басма сөз жыйынында буга чейин Родригес укук коргоо органдарырын байкоосунда болбогонун, таржымалында "көңүл бура турган учурлар" катталбаганын айтты.

Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар "бул террордук акт" аны нес кылганын айтып, дүйнө жүзүндө Израилдин өкүлдөрү ар дайым опурталдуу абалда экенин белгиледи. Израилдин президенти Ицхак Герцог эки адамдын өмүрүн алган окуянын антисемизмдин жана жек көрүүнү карасанатай актысы катары баалады.

АКШнын президенти Дональд Трамп кол салууну айыптады.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus