Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талас Бегалиев кылмыштуу топту каржылоого шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев менен кошо дагы эки адам "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалганын" билдирди. Алар "кримчөйрөдө "Братский круг" деген ат менен таанымал топто болгонун" маалымдады.

"Б.Т.К. буга чейин ИИМде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чынгыз" деген ат менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Чыңгыз Жумагуловдун "өкүл атасы" катары белгилүү болгон. Т.Ч. Жумагулов жана "мыйзамдагы ууру" аталган , "Сакал" деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосунов менен тыгыз байланышы болгон. Ал эми Т.А.Т. Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбекке) жакын болуп жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, Камчыбек Асанбектен спорт боюнча "куратору" болгон, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин биринин директору кызматын ээлеген. Алар кыргызстандын жаранынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы баасы 2 миллион долларга бааланган жерин күч колдонуп тартып алышкан, кийин ал жер Б.Т.К.нын жакын туугандарына каттатылган. Ал ИИМде иштеп турганда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн калкалап, кызматтык мүнөздөгү маалыматтарды берип колдоо көрсөткөн",-деп жазылган маалыматта.

Жогорку сот Талас Бегалиев менен кошо эки адам Бишкектеги Октябрь райондук соттун чечими менен 12-июлга чейин абакта калтырылганын билдирди.
Айрым жергиликтүү басылмалар Бегалиев менен кошо Асеин Төрөгелдиев жана Чыңгыз Таалайбек уулу кармалганын жазышты.
Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Талас Бегалиев Көк бөрү федерациянын президенти болуп 2022-2023-жылдары иштеген. Ага чейин улуттук курама тобунун жетекчиси болгон.

Ал ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде уюшма кылмыш топторуна каршы күрөш бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда 1998-жылдан 2016-жылга чейин иштеп, пенсияга чыкан. Самбо менен алектенген жана 2016-жылы Хорватияда самбо боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медал алган.

Талас Бегалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо талаштуу "Биримдик" партиясынын тизмесинде болгон жана 5-орунда турган. Ал Бээжин Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus