Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Газага чабуул коюуда, БУУ комиссары "этникалык тазалоо" тууралуу эскертти

"ХАМАСты жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу"Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун аймагында ири чабуул баштаганын 17-майга караган түнү жарыялады. ЦАХАЛдын Telegram каналына чыккан маалыматта:

"Соңку суткада ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги аймактардагы операцияларын кеңейтүүгө жана аскердик максаттарды ишке ашыруу, анын ичинде барымтадагыларды бошотууга жана ХАМАС террордук уюмун жок кылууга даярдык көрүү үчүн жапырт сокку урууну жана аскерлерди мобилизациялоону баштады”, - деп айтылды.

Ynet жаңылыктар сайты Газа секторундагы жеке булактарына таянып бул анклавдын түндүк аймактарында катуу жарылуулар болгонун кабарлады. Газа шаарынын чыгыш тарабы израилдик армиянын артиллериялык аткылоосуна кабылганы да маалымдалды. Үйлөр бомбаланганы кабарланды.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСтын күчтөрүн талкалоо жана ал 2023-жылдын октябрындагы Израилге каршы кол салуусунан бери барымтада кармап тургандарды бошотуу максатын көздөгөн бул операциясын ЦАХАЛ “Гедеон арабасы” деп атады жана аскерлерге Газанын бардык стратегиялык райондорун ээлеп алуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

Газанын ХАМАС башкарган жарандык коргонуу жана саламаттык сактоо мекемелеринин соңку маалыматына караганда, 15-майдан бери сектордун аймагында 250дөй адамдын өмүрү кыйылды.

Эки айлык тыныгуу келишими бузулгандан бери Израил Газаны дээрлик блокадалык абалда кармап келди.

Израилдик аскерлер азыркы операциясы “ХАМАС коркунуч жаратпай калганча жана барымтада кармалып тургандардын баары үйүнө кайтмайынча” токтобой турганын, соңку 24 саат ичинде эле “Газанын бардык аймактарында 150дөн ашуун террордук бутага сокку урулганын” билдиришти.

Үзгүлтүккө учураган тынчтык орнотуу аракетиСерепчилердин белгилешинче, Газада тынчтык орнотуу аракети кайрадан үзгүлтүккө учурады, анткени Израил эл аралык коомчулуктун сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо, аткылоону токтотуу, блокаданы алуу тууралуу талаптарына карабастан бомбалоосун күчөтүп, чек ара тилкесинде чопкутталган техникасын көбөйттү.

Times of Israel басылмасы жазгандай, азыркы операциясы менен Израил Газаны ээлеп, жайкын тургундарды түштүктү көздөй көчүрүп, ХАМАСка каршы чабуулун күчөтүп, анын секторго келип жаткан гуманитардык жардамды өз көзөмөлүнө алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну көздөөдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Израилдин соңку аракетин айыптаган билдирүү таратты.

"Адамдарды катуу соккулардан жашынып, качууга мажбур кылган тынымсыз бомбалоо, бүтүндөй кварталдарды ырааты менен талкалоо, гуманитардык жардам жеткирбөө... Мунун баары Газада демографиялык өзгөрүүлөргө алып келүү аракетиндей көрүнүүдө. Мындай аракет эл аралык укук нормаларын тебелөө болуп эсептелет жана “этникалык тазалоого” тете көрүнүш”, - деди ал.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ аймакта түзүлгөн абалга тынчсызданып жатканын билдирди.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Айрым маалыматтарга караганда, азыркы тапта хамасчылардын колунда барымтага алынгандардын 57си калды.

Каза болгондор 52 миңден, жараат алгандар 115 миңден аштыИзраил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Ошондон бери Газада каза болгондор 52 миңден ашканын, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде экенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

БУУ Газанын калкын ачарчылык тооруп турганын, абал оор экенин билдирүүдө, Израил өкмөтү сектордо азык-түлүк жетишсиздиги тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

АКШ баштаган өнөктөштөрдүн ортомчулугу менен жүргүзүлүп келген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышпоо келишиминин экинчи баскычы боюнча туңгуюк жаралганы ЦАХАЛ 18-мартта Газадагы согушту жандандырган. Эки айга созулган убактылуу жарашуу маалында израилдик 38 киши барымтадан бошотулуп, жүздөгөн палестиналык туткун Израилдин абактарынан чыгарылган. Газалыктар анклавдын түндүк тарабындагы үйлөрүнө кайта баштаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus