Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Газада ири чабуул баштаганын жарыялады

Израилдин армиясы Газа тилкесинде АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС кыймылына каршы ири чабуул башталганын билдирди.
Би-Би-Синин 17-майда билдиришинче, “Гедеондун арабасы” деп аталган операциянын максаты туткундардын баарын бошотуу, тилкедеги стратегиялык райондордун баарын ээлеп алуу экени айтылды.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Жарандык коргонуу жана саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бейшемби күндөн берки соккуларда жалпы 250дөй адамдын өмүрү кыйылды.
Израил март айында эки айлык ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин Газаны блокадада калтырган.
АКШнын президенти Дональд Трамп тилкеде көптөгөн адам ачкачылыкка кабылганын 16-майда айткан.
Ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus