Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда никеге мажбурлоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам биринчи окуудан өттү

Казакстандын Мажилиси никеге туруу максатында кыз ала качуу үчүн жазаны кылмыш жоопкерчилигине киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы эл өкүлү Мурат Абеновдун cөзүнө шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, эми коңшу өлкөдө "кыз ала качуу" үчүн “Никеге турууга мажбурлоо” беренесинин негизинде жаза чегерилет.

"Биз ушинтип атадык. Бул беренеде адам уурдоо фактыларын карап жатабыз. Ага карата үч жаза көрсөтүлдү. Биринчиси - айып пул. Жашы жете элек кызды никеге туруу максатында уурдоого жаза кылмыш жоопкерчилигинин алкагында каралат. Анда 5-7 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы көрсөтүлдү. Мындай өзгөртүүлөрдү эл өкүлдөрү биринчи окууда кабыл алып беришти. Эми экинчи окууга жиберилет", - деди Мажилистин депутаты Мурат Абенов.

Абенов айып пулдун так өлчөмүн атаган жок. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, Казакстандын Кылмыш-жаза, Жазык-аткаруу жана Жазык-процесстик кодекстерине жаңы ченем киргизилет.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, соңку үч жылда Казакстанда "кыз ала качуу" боюнча 214 арыз жазылып, анын 10го жакыны гана сотко жеткен. Калган иштер далил жетишсиз деген себеп менен сотко жетпей жабылганы кабарланды.

Коңшу өлкө Казакстанда кызды мажбурлап никеге туруу максатында ала качуу фактылары тууралуу расмий статистика жок. Укук коргоочулар адатта андай учурларда жабыркаган тарап полицияга арыз менен кайрылбай турганын жана сот өкүмү чыккан учурлар жокко эсе экенин белгилешет. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus