Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү кыргыз-тажик чек ара келишимин кубаттады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык, энергетика жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Эдуардс Стипрайсты Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөдө ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал өлкөнүн олуттуу гидроэнергетикалык потенциалын айтып, эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда ири инфратүзүмдүк демилгелерди кошкондо, бул чөйрөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө билдирди.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс өз кезегинде Европа Биримдиги менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын айтты. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча тарыхый макулдашууга жетишүүгө өзгөчө көңүл буруп, аны бүткүл регион үчүн маанилүү жана шыктандыруучу мисал деп атады.

Эдуардс Стипрайс Борбордук Азиядагы туруктуулук Европа Биримдиги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал транспорттук жана соода инфратүзүмү өнүкпөсө, региондогу өлкөлөрдүн дүйнөлүк рынокторго чыгуусу кыйын болуп, бул экономикалык потенциалды чектей турганын айта кетти. Буга байланыштуу Европа Биримдиги транспорттук коридорлорду кеңейтүүгө жана логистикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүнү улантат.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп эки жылча иштеген Терхи Хакала быйыл жыл башында кызматтан кетип, анын ордуна теги латвиялык Эдуардс Стипрайс дайындалган. Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент баштаган аткаминерлер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар менен жолугууда.

Быйыл 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан. Документ тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 19-мартта ратификациялап, Садыр Жапаров 25-мартта кол койгон.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus