Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди

Хабибула Абдукадыр иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазган. Бул тууралуу Болот Темиров "Азаттыкка" өзү ырастады. Журналист сотко арыз 15-апрелде түшкөнүн, бул тууралуу ал бүгүн гана кабардар болгонун айтты. Темиров арызды анын адвокаттары карап жатканын кошумчалады.

"Сөз Бишкектеги "Мадина" базарынын айланасы боюнча биздин биргелешип даярдаган иликтөө боюнча болуп жатат. Хабибула Абдукадыр андагы маалыматтарды төгүндөп, соттук чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылууда", - деди Темиров.

Былтыр “Клооп” басылмасы менен журналист Болот Темиров Бишкектеги ири “Мадина” базары жөнүндө иликтөө чыгарган. Алар иликтөөдө экс-депутат Турсунтай Салимовдун “Мадина” базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин белгилешкен.

Президент Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагып, “президент жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген.

Буга чейин "Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Хабибулла Абдукадыр аттуу түбү кытайлык үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири сумманы адалдаштырып, миллиондогон долларларды мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы аныкталган.

Temirov Live каналы Кыргызстанда коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет. Анын негиздөөчүсү Болот Темиров 2022- жылы “Кыргызстандан мыйзамсыз паспорт алган, документи жараксыз" деп табылып, Орусияга мажбурлап чыгарылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон.

Соттун бул чечимин эл аралык уюмдар, укук коргоочулар сынга алган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus