Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чүйдө чегиртке каптаган айдоо аянттарын дарылоо башталды

Чүй облусунда 15-майга карата 1820 гектар аянтта текшерүү жүргүзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн (1236 гектар) чегиртке каптаганы белгилүү болду жана анын 480 гектарына дары себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабарлады. Аталган мекеме Чүйдөгү башка райондордо дагы мониторинг башталганын маалымдады.

"13-майда Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундары чегирткелер көбөйгөнү тууралуу билдирүү беришкен. Анын негизинде 14-майда адистер жеринен кырдаалды баалап, дароо химиялык дарылоо башталды. Учурда башка райондорунда да мониторинг жүргүзүлүп, зыянкечтердин очогун аныктоо аракеттери болуп жатат. Бардык иш-чаралар белгиленген жадыбалга ылайык жергиликтүү бийлик менен бирге жасалууда",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Кыргызстанда 4100 гектар жерде чегиртке бар экени аныкталган. Зыянкечтер каптаган аянттын 700 гектары Базар-Коргон, 2200 гектары Ноокен, 750 гектары Сузак районунда. Ош облусунун Араван районунда 450 гектар жерден чегиртке табылган.

Буга чейин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти былтыр өлкөдө 113 миң гектар жерде зыянкечтерге каршы иш жүргөнүн, быйыл дагы чегиртке ушунча аянтты капташы мүмкүн деп болжолдонуп жатканын кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чегирткенин 50дөн ашык түрү кездешет, үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Зыянкеч чегирткелердин биологиясына ылайык, алардын жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда кайталанып турат.

Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus