Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Куреновдун сотко аксап, таякчан келгенин өнөкөт омуртка оорусу менен түшүндүрдү

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) 14-майда сотко аксап, таякчан келген себебин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырды. Социалдык тармактарда анын ур-токмокко алынганы тууралуу жоромолдорду жокко чыгарды.

"Социалдык тармактарда камактагы Т.Кудайберген уулу (Т.Куренов) Бишкектин Биринчи май райондук сотуна медициналык беткап кийип, таяктын жардамы менен басып келгени тартылган видео жарыяланып, кээ бир интернет колдонуучулар "ал кыйноого кабылган" дегендей ар кандай жалган маалыматтарды таратууда. УКМК абакта анын өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткенин, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилейт. Бул жагдайды "24.kg" маалымат агенттигине анын жактоочусу Айбек Турдуев да тастыктап, эч кандай күч колдонулбаганын белгиледи. Бардык тергөө аракеттери мыйзам чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө",-деп жазылган маалыматта.

Куреновдун жактоочусу айрым жергиликтүү медиага Куреновдун өнөкөт омуртка оорусу бар экенин билдирген.

Атайын кызмат 19-апрелде Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.

Анын алдында соцтармактарла жакындары активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жазып чыгышкан.

Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй милициясы Куренов менен байланышып, Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.
Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ошондон бери Дубайда жүргөн.

Куреновду Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus