Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

РБК: Мектептеги орус тили боюнча тестке чет өлкөлүк балдардын 19% уруксат алды

Орусияда мектепке кирүү үчүн орус тили боюнча экзамен тапшырууга чет өлкөлүк балдардын 19% гана уруксат алды. Калгандары документтери толук эмес же ката кетирилген, мектептерде бош орун жок деген себеп менен тестирлөөгө киргизилбейт. Бул тууралуу РБК Орусиянын билим берүү жана илим тармактарын көзөмөлдөгөн Федералдык кызматка (“Рособнадзор”) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, бардыгы болуп 1,8 миң чет өлкөлүк баладан арыз түшкөн, бирок экзаменди 335 жеткинчек гана тапшыра алат.

Бардык тесттердин жыйынтыгы азырынча чыга элек. “Рособнадзор” 44 бала тесттен өткөнүн, 27си тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганын билдирди.

Былтыр декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы бекитип, быйыл 1-апрелде күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мындан ары мигранттардын балдары мектепке орус тили боюнча тесттен өтсө гана кабыл алынат.

20-апрелде Орусиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакунов мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп комментарийлеген.

Ага чейин Кыргызстандын Москвадагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Мамлекеттик думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштаган.

2025-жылдын январына карай 376 миңден ашык кыргыз жараны Орусияда миграциялык каттоодо турганы кабарланган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus