Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министр Кулубаев Орусиянын "кара тизмесиндеги" мигранттарга кайрылды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-майда Орусиядагы кыргыз жарандарына кайрылып, бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды андан чыгууга берилген кошумча убакытты текке кетирбөөгө чакырды.

Мигранттардын документтерин легалдаштырууга кошумча мөөнөт президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путинге расмий кат менен кайрылып, өтүнгөндүктөн гана берилгенин, бул акыркы мүмкүнчүлүк экенин жана узартылбай турганын белгилеген министр:

“1-сентябрга чейин реестрден чыкпасаңыздар депортация болосуздар”, – деп эскертти.

Министр Кулубаев “кара тизмедеги” кыргыз жарандарын убакытты текке кетирбөөгө, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштырууну баштоого чакырды.

“Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл. “Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн. “Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот. Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз”, – деди Кыргызстандын башкы дипломаты.

Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн ар бир жаран аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, себебин такташы, эгер дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсо Сахарово миграциялык борборуна, ал эми аймактарда жашагандар полициянын миграциялык бөлүмүнө кайрылышы керек экени эскертилди. Министр белгилегендей, эмгек келишиминин негизинде миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат, жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт, документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопко тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айыппул салынат. Айып төлөнгөн соң документтер мыйзамдаштырылат.

Мунун баары 1-сентябрга чейин бүткөрүлүшү керек.

Орусиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (“кара тизмеге”) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн быйылкы жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, “кара тизмеде” 70 миңге жакын кыргызстандык бар, бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыкты.

Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан. 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.(RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus