Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам министр Чечейбаевге сөгүш берилди

Президент Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн убакыт берди.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирип, Фейсбукка Жапаровдун аталган борборго барган видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, Жапаров 8-майда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекемеге күтүүсүз барган.

Анда жүрөк оорусунан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы айтылды. Операция башталгандан бери балдар өлүмүнүн үч учуру катталган.

Чакырылган адистер борбордо сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришкен.

Ал чет элдик дарыгерлер менен сүйлөшкөндөн кийин министрдин ишин катуу сындаган:

"Сен канча жолу келдиң ушул жерге? Биринчи жолу келип атасыңбы бүгүн? Эмнеге биринчи жолу келесиң сен? Эмнеге мындай көйгөй болуп атса биринчи жолу келесиң биякка? Мен сени кабинетте отурба, кыдырып иште дебедим беле?! Канча болуп калды иштегениңе, эки ай болуп калдыбы? Кирип эле кабинетиңе жабышып калдыңбы. Чечпейсиңби булардын өтүнүчүн, көйгөй болуп аткандан кийин. Кичинекей балдар өлүп атса, кабинетиңде отурасың. Мындан артык эмне жумушуң бар сенин?" - деген президентке Чечейбаев "мурда борборго келип кеткем" деп жооп берди.

Жапаров ага эки күн ичинде керек нерселердин баарын таап берүүнү тапшырып, сөгүш жарыялаганын айтты.

"Диагностика так маалыматтарды бербеген эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок, жабдыктар башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда. Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат. Мамлекет башчы өтө катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жол берилгис жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алды, - деп жазды Алагөзов Фейсбукка.

Буга чейин аталган медициналык борбордогу шарттын жоктугу тууралуу нааразылыктар айтылып жаткан.

51 жаштагы Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри болуп быйыл февралда дайындалган. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus