Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан менен Ооганстандын соода жүгүртүүсү 66 млн долларга жетти

Кыргызстан менен Ооганстан ортосундагы cоода жүгүртүү 2024-жылы 66 миллион долларды түздү. Бул тууралуу "Талибан" башкарган ооган өкмөтүнүн Өнөр жай жана соода министрлиги кабарлады.

Министрликтин басма сөз катчысы Ахундзада Абдул Салам Жавад өткөн жылы Ооганстандын экспорту жети миллион долларды түзгөнүн, калган 59 миллион доллар импорт экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Ооганстандан Кыргызстанга эң көп экспорттогон товарлардын арасында желим жана жезден жасалган идиштер, килем, жашылча-жемиштер бар.

Соода жана инвестиция палатасы Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнү көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

"Борбор Азия менен соода күн сайын жогорулап жатат. Шерхан-Бандар жана Хайратон аркылуу товарлар жиберилип жатат. Анда маселелер жаралбай койгон жок. Бирок биз ушул эле жол менен ташыганга аргасызбыз", деди Соода жана инвестиция палатасынын өкүлү Ханжан Алокозай.

Былтыр Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террордук уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

‏Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Орусия баштаган айрым өлкөлөр "Талибандын" лидерлери менен сүйлөшүп, кызматташа баштаганы менен, расмий дээрлик эч ким тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus