Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Рамзан Кадыров бийликтен кетээри тууралуу сөз кылды

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кызматынан бошотууну суранды. Бул тууралуу ал "Чечня Сегодня" агенттигине билдиргенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Кавказ. Реалии" долбоору жазды. Басылма жазгандай Кадыров мындай сунуш менен кимге жана качан кайрылганы так белгисиз

"Ар нерсени жазып жатышат. Мен тескерисинче, өзүм кызматтан бошотууну суранып жатам. Кийинки келген адамда өзүнүн демилегелери, көз карашы болот. Менин бул өтүнүчүм канааттандырылат деген ойдомун", - деп билдирген Кадыров.

"Кавказ. Реалии" жазгандай "Кадыров отставка кетти" деген кептерди анын оор илдети менен байланыштырып жүрүшөт. Такталбаган маалыматтар боюнча Кадыров 2023-жылдын сентябрында комага түшкөн. 2024-жылы журналисттер чечен лидери беш жылдан бери оор илдет менен алпурушуп жүргөнүн жазышкан.

Кадыров кызматынын кетээрин биринчи жолу айтып жаткан жок. 2015-жылы ал Орусиянын президенти Владимир Путин "бошото турган болсо отставкага кетүүгө даяр экенин" билдирген. 2022-жылы сентбярда да дал ушундай билдирүүсү менен чыккан.

Ушул жылы 17-февралда Рамзан Кадыров укук коргоо кызматкерлери менен өткөн жыйында бийликте өмүр бою каларын билдирген.

"Менин кетишимди тилегендердин баарына кайрылам, мени өмүрүм өткөнгө чейин бул кызматка дайындашкан. Мени эл тандады. Кимдир бирөө кааласа эле кетип калбайм", - деген ал.

"Важные истории" басылмасы Кадыров менен Кремлдин ортосунда пикир келишпестик жаралганын, Путин менен мамилеси солгундаганын жазган.

Бир ай мурун Кадыровдун 17 жаштагы уулу Адам Кадыров ИИМдин куратору болуп дайындалган.

Бул Кадыровдун балдары жана жакындары жогорку кызматтарга дайындалган биринчи учур эмес. Кадыровдун дагы бир уулу, 20 жаштагы Ахмат Кадыров бир жыл мурун Чеченстандын спорт министри болуп дайындалган. Кызы 20 жаштагы Хадижат Кадырова 2024-жылдын февралында чечен өкмөтүнүн администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Дагы бир кызы Хутмат Кадырова Чеченстандын саламаттыкты сактоо тармагынын куратору. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus