Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айжигитов УКМКнын кызматкерлерине каршы прокуратурага арыз жазганын айтты

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине каршы президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазганын айтты.

Ал аны жана жубайы Гүлзат Жолдошованы кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлери күч колдонгонун, анын жыйынтыгында жаракат алып ооруканага түшүп калганын айтып, ырызды 4-майда “Түндүк” тиркемеси менен жөнөткөнүн билдирди.

“Конституциядан баштап бардык мыйзамдар бузулуп, адамдын жөнөкөй эле укуктары сакталбай жатат. Мындай болбойт”, - деди ал.

Арыз тууралуу президенттин басма сөз кызматы, атайын кызмат жана Башкы прокуратура комментарий бере элек.

30-апрелде УКМКнын кызматкерлери Султанбай Айжигитовду аялы Гүлзат Жолдошова менен кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кашы жарылган, аялы экөөнүн колу көгала экени тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарга чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Султанбай Айжигитовду жана анын жубайын кармоо учурунда денесинен жаракат алды деген маалыматтарды четке каккан.

УКМК Султанбай Айжигитовго жана Гүлзат Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат мурдагы депутат жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.

Султанбай Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин билдирип, “саясий куугунтукка” кабылганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Динара Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.

30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбай Айжигитов менен Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыратылган. Ал мунун баарын “саясий куугунтук” деп атап келет. Ошондой эле “азыр депутаттык мандатым бар” деп эсептейт. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus