Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Газадагы аскердик операциясын кеңейтерин жарыялады

Израил Газадагы аскердик операцияларын кеңейтерин жарыялап, тилкенин басымдуу бөлүгүн коопсуз аймакка айлантарын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Исраэл Кац билдирди.

Reuters басылмасы Кац согуштук аракеттер жүргөн аймактарда жашаган палестиндер эвакуация болорун билдиргенин жазды. Басылма Израилдин армиясы Рафах жана Хан Юнис шаарларынын аймагында жашаган газалыктарга эскертүү берип, аларды Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Ал-Маваси гуманитардык аймагына көчүүгө чакырганын жазды. Израилдин коргоо министри Газанын кайсы жерлери коопсуз аймакка айланарын тактаган жок.

Израил аскерлери буга чейин Газада буфердик зонаны түзүп, сектордун түндүгүн жана түштүгүн бөлүп турган Нецарим коридорун кеңейткен.

Кацтын билдирүүсү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСтан барымтадагы 59 адамды бошотууну талап кылган учурга туш келди. АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук уюм катары таанылган ХАМАС 2007-жылдан бери Газаны көзөмөлдөп турат.

ХАМАС өткөн аптада Катар менен Египеттин ортомчуларынын согуштук аракеттерди токтотуунун ордуна жума сайын барымтадан беш адамды бошотууну караган келишим боюнча сунуштарын кабыл алганын билдирген.

Дүйшөмбү күнү Израилдин армиясы түштүктөгү Рафах шаарынын айланасында жашаган палестиндерди жээктеги Ал-Маваси районуна көчүүгө чакырган.

18-марттан баштап Израил Газада чабуулун жанданткан.

Эки тарап ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жыл башында ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, 19-январда күчүнө кирген. Үч баскычтан турган ал макулдашуу узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди токтотууга, Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгышына жана ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундарды бошотууга багытталган эле.

Эки тарап келишимди узартуу боюнча орток пикир таба албай жатат.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 50 миңден ашык адам набыт болду.

Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алган. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus