Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Армения өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. «Азаттыктын» армян кызматы («Азатутюн») кабарлагандай, чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.


Долбоордо «Армения Евробиримдикке мүчөлүк боюнча жараянды баштаганын жарыялай» тургандыгы айтылат. Тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын айтымында, документ парламенттин кароосуна жарандык демилге катары берилген, эми өкмөт мыйзамда белгиленген тартипке ылайык өз позициясын билдириши керек.


«Европа биримдиги Армениядагы демократияны колдоорун, коопсуздукту камсыздоого даярдыгын бир нече жолу билдирип, иш жүзүндө буга катышкан. Шаркет ошондой эле Армениянын экономикалык туруктуулугун колдоого даярдыгын да айткан», - деп белгиледи министр.




Маалыматка караганда, кабинеттин жыйынында премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн биримдикке кошулуусу элдик референдумда гана чечилүүгө тийиш деп айтты. Ага чейин «жол картасы» иштелип чыгышы керек.


2023-жылы октябрда Европарламентте сүйлөгөндө, Пашинян блокко кирүү ыктымалдыгы активдүү талкууланып жатканын билдирген. Бир нече айдан кийин Европарламент Еревандын Брюссель менен кызматташуусун колдоого чакырган резолюция кабыл алган.


Армения Кыргызстан да мүчө болгон, Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирет.


2024-жылдын башында Пашинян Ереван ЖККУнун ишмердигине катышууну токтоторун билдирген. Ал эми 4-декабрда премьер парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтуусу мүмкүн болбой калганын айткан.


Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Өз кезегинде, Москва Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus