Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Райондук сот Темирлан Султанбековду жана анын эки партиялашын камакта калтырды

9-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы каралды. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аларды 13-февралга чейин камакта калтырды.


Соттук жараян кечке жуук башталып, жабык өттү. Ага партиянын тарапташтары, айыпталуучулардын жакындары жана журналисттер да киргизилген жок.


Адвокат Айбек Турдуевдин айтымында, шектүүлөргө коюлган кине анча оор эмес кылмыш болгондуктан үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди, бирок судья аны канааттандырган жок.


Бүгүнкү соттук отурум учурунда Темирлан Султанбеков өзүн начар сезе баштагандыктан ага дарыгер чакыртылып, жардам көрсөтүлдү.


Дарыгер журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдиргендей, Султанбеков колу калтырап, муундары ооруп жатканын айтты. Саясатчынын салмагы ачкачылык кармай баштагандан бери 12 кг төмөндөгөнүн билдирген дарыгер эгер мындай улана берсе ал комага түшүп калышы мүмкүн экенин белгиледи.




26 жаштагы Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.


Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.


Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан партия лидери Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганы жана сол буту ооруп жатканы кабарланган.


Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирүүдө. (MKt)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus