Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына укуктук жардам керектиги айтылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Орусияда миграциялык мыйзам бузганы аныкталган 72 миңге жакын кыргызстандык жаранга укуктук колдоо көрсөтүү керек экенин айтты. Аларды өлкөгө алып келүү жана ишке орноштуруу үчүн шарт түзүү зарыл экенин кошумчалады.


Алар Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, бармак изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар.


1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга колдонулат.




5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирет. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өз укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.


Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.


Былтыр Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. (BTo)




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus