Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Милиция “өз атасы кызын зордуктаган” деген маалыматты териштирип жатат

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) “ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызды өзүнүн атасы зордуктаган” деген маалымат боюнча комментарий берди.


Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 30-декабрында үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт боюнча С.Б. аттуу адам Укук бузуулар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренесинин негизинде кармалып, сот аны Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына жети күнгө камакка алган.


Шектүүнүн аялы (К.Д) ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 17 жаштагы кызын өз атасы зордуктаганын айтып, арыз менен милицияга кайрылган.




Бул факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, баштапкы текшерүү иштери башталды. Ушул тапта бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.


Буга чейин журналист Алтынай Арстанбекова Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып, кыздын энеси менен маектешкен. Анда ал жолдошу бир топ жылдан бери ага зордук-зомбулук көрсөтүп келатканын, акыркы жолу былтыр 30-декабрда сабаганын айткан. Милиция ошол эле күнү күйөөсүн кармап кеткенин жана кийин кызы зордукталганын билгенин кошумчалаган.


“Азаттык” арызданып жаткан аялдын жолдошу же анын жакындары менен байланыша алган жок. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus