Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттүү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө 9-январда уланды. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 36 куткаруучусу, 15 милиция кызматкери, Таш-Көмүр шаардык мэриясынан беш адам жана туугандары кошулуп, жалпы 62 адам тартылды.
Мындан тышкары төрт дрон (эки чоң жана эки кичине дрон) жана спутник байланышы колдонулууда.
ӨКМдин маалыматына караганда, Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы тургуну М.Д. 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.(ZKo)