Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дания: Гренландия эгемен болушу мүмкүн, бирок АКШга кошулбайт

Гренландиянын тургундары кааласа, арал эгемен болушу мүмкүн, бирок АКШнын штаты болбойт. Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лөкке Расмуссен шаршембиде билдирди. Анын алдында АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Даниянын башкаруусундагы аралды сатып алуу маселесинде экономикалык же аскердик күч колдонууну жокко чыгаруудан баш тарткан.


Гренландиянын лидери Муте Эгеде 8-январда Копенгагенде Даниянын падышасы менен сүйлөшүү жүргүздү.


Трамп дүйнөдөгү эң ири аралды падышалыктан сатып алуу ниетин бир нече жолу кайталап, бул – АКШнын коопсуздугу үчүн “абдан маанилүү” экенин айткан. 7-январда анын уулу Дональд Трамп Гренландияга жеке сапар менен барды.


57 миң калктуу арал 600 жыл Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.


Министр Расмуссен Орусия жана Кытайдын аймактагы активдүүлүгүн эске алганда АКШнын Арктикадагы коопсуздукка байланышкан камтамасын түшүнөрүн кошумчалады.


Ал эми Даниянын өнөктөштөрүн Ак үйдүн болочок кожоюнунун кооптуу ымагы тынчсызданткандай.


8-январда Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Еврошаркет башка өлкөлөрдүн өз чек араларын бузуусуна жол бербесин билдирди. Муну менен бирге министр АКШ "аралга басып кирет" деп ойлобосун кошумчалады.


Арктикадагы арал Түндүк Американын түндүк-чыгышында жайгашкан. Саясий жактан ал Европага карайт. АКШдан Европага эң кыска жол Гренландия аркылуу жатат. Ал жакта минералдарга бай кендер жатат.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus